Tickets.kg — Европанын алдыңкы жана динамикалуу өнүгүп жаткан туристтик онлайн-агенттиктердин бири TTN холдингинин бир бөлүгү.
Холдинг онлайн тревел-агенттиктердин арасында кызмат көрсөтүүлөрдүн эң чоң портфолиосуна ээ. TTN көрсөтүүчү тейлөөлөрдүн тизмегине авиабилеттер, отелдер, темир жол жана автобус билеттери, камсыздандыруу, трансферлер, авто ижарасы, сити брейктер, ар кандай иш-чараларга билеттер жана башкалар кирет.
Компаниянын иши 2009-жылы Украинада Tickets.UA онлайн-сервисин ишке киргизүү менен башталган. Азыр TTN 13 өлкөдө иштейт, 8 кеңсеси бар жана Tickets, Mytickets, KissAndFly, Travelfrom бренддери менен туристтик кызматтарды көрсөтөт. Башкы кеңсеси Венада жайгашкан.
TTN холдинги бар:
Компаниянын бардык сайттары Львов шаарында жайгашкан, өздүк изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар борборунда түзүлгөн. Технологиялык колдоону жана сервистерди өнүктүрүүнү 200дөн ашык инженерден жана менеджерлерден турган команда камсыздайт. 24/7 режиминде бардык рыноктордун пайдалануучуларын колдоону холдингдин байланыш борбору жүргүзөт.
Биздин миссия
Кардарга бардык саякаттардын ичинен оптималдуу тандоону жасоого жардам берүү, провайдерлердин максималдуу санынын ичинен тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү, саякаттоонун ар бир этабында пайдалануучуга кам көрүү жана колдоо менен, бааларды айкын салыштырууну жана эң мыкты жана ар бир адамга жеткиликтүү тейлөөнү камсыздоо.
Визия
Региондун EMEA беш мыктысына кирүү менен, эксперттик пикирдин, ар күндүк өнүгүүнүн, пайдалануучулар версиясы боюнча, ошондой эле бизнес-коомдоштук версиясы боюнча кардарларга багыт алуунун аркасында онлайн тревел-рыноктогу европалык лидер болуу.
Биздин баалуулуктар
TTN продукттары
Биздин кардарлардын саякаты ыңгайлуу, арзан жана болушу үчүн, биз баарын жасайбыз. Биздин продукттар пайдалануучулардын күтүүлөрүнөн жана каалоолорунан ашып түшүүсү үчүн, алдыга озуу менен иштейбиз.
TTN өнөктөштөрү
Биз жүздөгөн авиакомпаниялар, ташуучулар, провайдерлер менен иштешебиз, алар менен чогуу алдыга жылабыз жана ааламды айландырабыз.
TTN экспертизасы
Биздин аракеттер, кесипкөйлүк, инновациялык чечимдер жана мыкты технологиялар – баары жыйынтыкка багытталган, ал компаниянын ийгилигин жана пайдасын калыптандырат.
Баа түзүү
Биз бааларды талдайбыз, авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, жаңы өнөктөштөрдү издейбиз, билеттин баасын калыптандыра турган, рыноктун бардык катышуучулары менен тил табышабыз, - биздин ресурста авиабилеттин баасын максималдуу төмөндөтүү үчүн баарын жасайбыз.
Технологиялар
Tickets.kg — бул брондоо, бизнес-логика жана төлөм шлюздары тутумдарын бириктирүүчү уникалдуу платформа. Кардарларды тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берүү үчүн, биз инновациялык технологиялык иштелмелерди киргизебиз.
Жеке биллингдик чечим алдыңкы банк-эквайерлер аркылуу электрондук төлөмдөр процессинин ишке ашырууну шарттайт. Мындай ыкма финансылык транзакцияларга чыгымдарды үнөмдөйт жана карталардын өтө ала тургандыгын жогорулатат.
Коопсуздук
Tickets.kg эл аралык PCI DSS коопсуздук сертификаты менен тастыктамаланган. Ал Tickets.kg сайтында авиабилетти брондоо процессинде иштетиле турган, төлөм карталарынын дайындары толук корголгонун кепилдейт.
Лицензиялар
Tickets.kg сервиси Эл аралык Аба Транспорту Ассоциациясы (IATA) тарабынан аккредитацияланган. Анын сертификаттары агенттик авиабилеттерди сатууну жүргүзө алаарын жана бул үчүн бардык ресурстарга, анын ичинде компетенттүү персоналга ээ экенин тастыктайт.
Онлайн-агенттиктердин ишмердиги Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келип турат.
Кызматташтык
Холдингдин технологиялык өнөктөштөрү дүйнөлүк туризм индустриясынын лидерлери болуп саналат: Sabre, Amadeus, TravelPort, Sirena, ERV, улуттук авиациялык ташуучулар, улуттук темир жолдор жана эл аралык автобус менен ташуучулар.
Tickets.kg, TTN холдингинин башка онлайн-агенттиктери сыяктуу эле, ар бир рыноктун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Ресурс кардарларды тейлөөдө тынымсыз өркүндөйт жана кызмат көрсөтүүлөр портфелин кеңейтет.
Изилдөөлөр жана иштелмелер борбору жүргүнчүлөрдү ташууга жана саякатчылар үчүн башка тейлөөгө адистешкен стратегиялык өнөктөштөрдү, ошондой эле туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн локалдуу провайдерлерин кызматташууга тартат.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз