Көпчүлүк авиакомпаниялар өзүнүн учагында мышыкты жана итти ташууга гана уруксат берет. Өлчөмүнө жараша, жаныбар бар контейнер жүргүнчүлөр салонунда же учактын багаж бөлүгүндө ташылат.
Эгер сиз жаныбар менен саякаттоону пландасаңыз, авиабилетти брондогондон кийин, бирок аны төлөө алдында сөзсүз биздин Колдоо кызматка бул жөнүндө билдириңиз. Биз авиакомпаниянын өкүлдөрү менен байланышабыз жана ташуучу бул рейсте жаныбарларды кабыл алууга даярбы жана кандай шарттарда ташый турганын тактайбыз.
Аэропортто каттоодо жана бажы көзөмөлүнөн өтүүдө жаныңызда бардык ветеринардык жана жөнөө, келүү жана транзит өлкөсүнүн мыйзамында каралган башка документтер болушу керек. Документтердин тизмесин тактоо үчүн тиешелүү өлкөнүн консулдугуна кайрылууну сунуштайбыз.
Өзгөчө керектөөлөрү бар жүргүнчүлөрдү коштоочу жетелеме иттер учактын салонунда, тумшук кап кийгизилип жана жипке байланып, кошумча акысыз ташылат. Жетелеме иттин ээсинин жанында иттин атайын даярдалганын тастыктоочу документ болушу керек.
Авиакомпания учактын бортунда жаныбарларды ташууну алдын ала макулдашпаган жүргүнчүнү отургузуудан баш тартууга укуктуу.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз