Сиз тандаган рейстеги багажды ташуу ченемдерин сиз
каттам-дүмүрчөктөн биле аласыз. Шарттуу белгилер багажды ташуунун ченемдеринин эки тутумуна негизделген: салмактык жана орундардын саны тутуму.
1. Салмактык тутум (weight concept) — салмактын лимитин белгилейт.
Каттамдык дүмүрчөктө
K, KG белгилери менен белгиленет. Цифра (0, 10, 20, ж.б.) жүргүнчү акысыз ташый ала турган килограммдын өлчөмүн билдирет.
Багаждын салмагын алар авиакомпания тарабынан белгиленген габариттерден ашпай турган шартта, бир нече чемоданга бөлүүгө уруксат берилген.
2. Орундардын саны тутуму (piece concept) — багаждын орундарынын саны боюнча лимитти белгилейт. Мында багаждын ар бир бирдиги катталат.
Каттамдык дүмүрчөктө
N, PC, Р символдору менен белгиленет. Цифра (0, 01, 1, 2 ж.б.) тандалган учуулар үчүн стандарттуу багаждын орундарынын саны белгиленет.
Багаждын бирдигинин салмагын авиакомпания белгилейт.
Мисалы, эгер каттамдык дүмүрчөктө «Багаж» талаасында
«20K» көрсөтүлсө, демек сиз 20 килограммдан көп эмес салмактагы багажды ташый аласыз. Эгер сиз
«2N» белгисин көрсөңүз, анда бул сиз 2 багаж ордун акысыз ташый ала турганыңызды билдирет.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз