Эреже болгондой, каттоо учууга чейин 2-4 саат мурун башталат жана жүгүртмө боюнча учууга чейин 40-60 мүнөт мурун аяктайт. Айрым өлкөлөрдө жана айрым авиакомпанияларда контролдон өтүүнүн кошумча процедуралары колдонулушу мүмкүн – бул каттоонун узактыгына таасирин тийгизет. Аэропортко келүү убактысын пландоодо муну эске алыңыз. Авиабилетте дайыма учуунун жана конуунун жергиликтүү убактысы көрсөтүлөт.
Каттоого кечиккен жүргүнчү, учууга киргизилбейт.Билетти көрсөткөндөн кийин авиакомпаниянын кызматкери сиздин багажды тариздейт жана учактын салонундагы сиздин орунду көрсөтүү менен отургузуу талонун жана багаж дүмүрчөгүн берет.
Андан ары кулактандырууга кылдат көңүл буруу керек: рейске отургузуп баштоо жөнүндө кошумча кулактандырылат. Ушундан кийин сиз номери отургузуу талонунда көрсөтүлгөн чыга беришке (гейтке) өтүшүңүз керек.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз