Пикир жазуунун эрежелери

Пикир жазуунун эрежелери

Каалаган адам «Пикирлер» бөлүмүндө өзүнүн учуулары жөнүндө пикир калтыра алат.

Tickets.kg сайтынын Авиакомпаниялардын рейтинги долбоорундагы авиакомпаниялар жөнүндөгү пикирлери — бул авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен кайра байланышуунун түз мүмкнүчүлүгү. Сиздин комментарийди жана каалоо-тилекти тейлөөнүн сапатын жогорулатууга кызыккан авиакомпаниялардын өкүлдөрү окушат. Эгер учуу убагында Сизде талаштуу кырдаал жаралса, Сиздин каалооңуз боюнча, маалымат авиакомпаниянын өкүлдөрүнө берилет, ички изилдөө жүргүзүлөт жана Сизге анын жыйынтыгын билдиришет.

Пикирди кантип калтыруу керек?

  1. Рейтингден авиакомпанияны тандаңыз.
  2. «Пикирлер» — «Пикир калтыруу» салмасын басыңыз — жана жазыңыз!
  3. NEW! Учулардын фото сүрөттөрүн бөлүшүңүз – комментарий менен бирге сүрөттөрдү кошуңуз!

Эрежелер

  • Эгер Сиз учуу убагында болгон, авиакомпанияда ички иликтөөнү жана анын өкүлдөрүнүн жообун талап кылган талаштуу кырдаал жөнүндө жазып жатсаңыз, сураныч, өзүңүздүн брондоо номериңизди көрсөтүңүз.
  • Комментарий менен бирге бир нече фото сүрөттү салууга болот. Сүрөткө карата талаптар: jpg/png/jpeg/gif форматы, файлдын өлчөмү 3Mb чейин.
  • Кошулган комментарийлер спам-контролдон өткөндөн кийин сайтка жарыяланат, спам-контроль бир нече мүнөттөн суткага чейин убакытты алат. Эгер комментарий дем алыш күнү калтырылса, билдирүү кийинки жумушчу күнү сайтка чыгат.
  • Комментарий сөзсүз тандалган авиакомпанияга тиешелүү болушу керек. Башка темадагы билдирүүлөр жарыяланбайт.
  • Сайтка комментарий кошуу менен, пайдалануучу Tickets.kg Оферта келишиминин эрежелерине автоматтык түрдө макул болот.
  • Эгер Сиздин пикир эрежелерге туура келсе, ал сөзсүз сайтка чыгарылат. Эгер ал спам, жарнама жана башка сайтта тыюу салынган маалымат деп таанылса, сайттын модератору өзүнө комментарийди жарыялабоо укугун калтырат.
  • Сайтка жарыяланбаган пикирлер боюнча дооматтар кабыл алынбайт.
  • Жарыяланган авиакомпания жөнүндө пикирлер жана комментарийлер «Авиакомпаниялар жөнүндө маалымат» – «Пикирлер» беттеринде окуу жана комментарий берүү үчүн жеткиликтүү.

Өздүк маалыматтардын сакталышы

Пикир жазуу формасында атыңызды, фамилияңызды жана электрондук даректи көрсөтүү керек.
Байланыш маалыматтары зарыл болгондо, Tickets.kg сервисинин өкүлдөрүнүн же авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн Сиз менен кайра байланышуусу үчүн гана керек. Пайдалануучунун электрондук почтасы сайтта чагылдырылбайт.