Которулуп түшүү менен коштолгон учууларды брондоп жатканда “ Шайкештик кепилдиги” деген белгиси бар рейстерге көңүл буруңуз.
Эгерде алдыдагы рейстин кечигүүсүнүн, аны алмаштыруунун, алып таштоонун, же
жылдыруунун себебинде бириктирүүчү рейсти өткөрүп жиберген болсоңуз, сизге
альтернативдүү учууну сунуштайбыз, же колдонулбай калган рейс үчүн сарпталган
акча каражаттарын кайтарып беребиз*. Ошондой эле, рейс башка аэропортко
которулган учурда сизди транспорт менен камсыз кылабыз; рейс 4 сааттан ашык
убакытка кечиксе – тамак менен, ал эми 8 сааттан ашык убакытка кечиксе – отель
менен камсыз кылабыз.
Эгерде сиздин рейсиңиз жылдырылган, же алынып ташталган болсо, бул жөнүндө
биздин Камкордук кызматыбызга болушунча тез арада чалыңыз.
Көңүл буруңуз! Билет сатып алып жатканыңызда, багажды ташып жеткирүүнүн шарттарын билип алууну сунуштайбыз. Кээ бир учурларда багажды которулуп түшүү аэропортунан алып, аны кийинки рейстке каттоого туура келет.
*эгерде рейске чейин 48 сааттан аз убакыт калган болсо.
Эгерде рейске чейин 48 сааттан көп убакыт калган болсо, акча каражатын кайтарып берүү, же башка учууну сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу биз тараптан аткарылат.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз