Кайра

Кайра кайтарууга өтүнмөнү макулдашуу тартиби:

  1. Арыздын талаасын толтуруу.
  2. Керектүү документтерди жүктөө.
  3. «СУРАМДЫ ЖӨНӨТҮҮНҮ» басыңыз.
  4. Жооп алгандан кийин – кайра кайтаруунун шарттары менен макулдукту тастыктоо*.

*Эгер кайра кайтаруу тейлөө жыйымы жок мүмкүн болсо жана тариф эрежелери толук наркты кайтарууга уруксат берсе (төлөм тутумдарынын кошумча баасынан тышкары) – кардардын тастыктоосу суралбайт. Кайра кайтарууга сурам кароого кабыл алынат.

Көңүл буруңуз! Эгер билет авиакомпнаия тарабынан кайра берилсе — арызга төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн документти тиркөө керек:

  1. Жаңы билеттин номери.
  2. Бул билетти тариздөө датасы.
  3. Төлөнгөн айыптын, тариф боюнча кошумча төлөмдүн, ар бир жыйындын өзүнчө (эгер болсо) кошумча төлөмүнүн суммасы.

Бул документти бербесе кайра кайтарууга арыз кабыл алынбайт!

Билетти жокко чыгаруу Сиз кайра кайтаруунун шарттарына макул болуп жана тейлөө жыйымын (эгер ал кайра кайтарууда каралса) төлөгөндөн кийин гана жүргүзүлө турганына өзгөчө көңүл буруңуз. Бул учурга чейин билеттер өзгөрүүсүз калат!

Айрым учурларда билетти кайра кайтарууга өтүнмө түзүүдө, сизге “Учпайм турганым анык” опциясын тандоо мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн экенине көңүл буруңуз.
Бул опцияны тандоо менен, сиз бизге сиздин тапшырыкты жокко чыгарууга тастыктама бересиз: орундар алынып салынат жана сиз уча албайсыз. Билеттин баасын кайтарып берүүнүн кеңири шарттарын же тапшырыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн биз сиздин өтүнмөнү карагандан кийин билдиребиз.
Эгерде сиз “Балким, учпайм” опциясын тандасаңыз, сиздин тапшырыкты жокко чыгаруу сиз кайтарып берүү шарттарын/суммасын тастыктагандан кийин гана ишке ашырылат.

Артыкчылык: эгер кайра кайтаруунун себеби –  рейстин 3 сааттан ашык кечигиши/токтотуу; виза берүүдөн баш тартуу; жүргүнчүнүн же жакын тууганынын оорушу/өлүмү менен байланыштуу болсо – жана эгер кайра кайтарууга арыз туура толтурулса жана бардык керектүү тастыктоочу документтер тиркелсе – билетти жокко чыгаруу өтүнмөнү карагандан кийин дароо жүргүзүлөт.

Кайра кайтарууда учуунун бардык активдүү (пайдаланылбаган) сегменттери жокко чыгарылат. Эгер кайра кайтуучу учууну гана жокко чыгаруу керек болсо, Кайра кайтарууга арызды «Барыш» учуусунан кийин жөнөтүү сунушталат.

Көңүл буруңуз! Кайра кайтарууга сумма Жүргүнчү кайра кайтарууга өтүнмөнү берген күндөгү курс боюнча эсептелет.

Tickets.kg Оферта келишиминин эрежелерине ылайык, «МЕНИН БИЛЕТИМ» бөлүмүндө жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттер жеке сатып алуучу тарабынан жүргүзүлдү деп эсептелет. Дайындардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик толук бойдон билеттеги дайындарды өзгөртүүнү демилгелеген адамга жүктөлөт.