Кардарлардын дайындарынын купуялуулугуна коргоо үчүн, биз e-commerce коопсуздугунун стандарттарын жана протоколдорун киргизгенбиз жана аларды карманабыз. Биздин сайт эл аралык дайындарды коргоо тутумдарында керектүү текшерүүлөрдөн жана тастыктамалоодон өтөт.
Төлөө ыкмасынан көз карандысыз,
Tickets.kg сайтынын бардык төлөм барактары SSL сертификаты менен корголгон. Сиз өзүңүздүн жеке маалыматтарды (аты-жөнүңүз, дарегиңиз, телефон номериңиз, электрондук дарегиңиз, кредиттик карта номериңиз) жарыялоодон чочулабай эле койсоңуз болот – маалыматтарды берүү шифрленген түрдө жүрөт жана алар серверде сакталбайт.
Tickets.kg сайтында онлайн төлөөлөр кантип корголгон
1. PCI DSS сертификаты
Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS стандарты) — Карта төлөмдөрүнүн коопсуздугу боюнча кеңеш (Payment Card Industry Security Standards Council, PCI SSC) тарабынан иштелип чыккан төлөм карталары индустриясындагы маалыматтардын коопсуздугунун стандарты.
Tickets.kg сайты жыл сайын PCI DSS тастыктамалоосунан өтөт. Сертификат сайттын Visa/MasterCard, American Express, JCB і Discover эл аралык төлөм тутумдарынын стандарттарына шайкештигин тастыктайт.
Сертификат алуу үчүн, карталардын маалыматтарын кабыл алуунун, берүүнүн жана шифрлөөнүн бардык тутумдары жана жалпысынан компаниянын инфраструктурасы PCI SAQ (Self-Assessment Questionnaire D and Attestation of Compliance) нормативдер тизмегинде белгиленген кеминде 288 талапка жооп бериши керек.
Саналуу компаниялар гана e-commerce рыногунда PCI DSS тастыктамалоосунан өткөн жана өзүнүн кардарларына сайтта төлөмдөрдүн толук корголушун кепилдейт.
2. McAfee атынан HackerSafe сертификаты
Расмий түрдө HackerSafe аталышы менен белгилүү болгон McAfee Secure стандарты онлайн-коопсуздугу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө дүйнөлүк лидер болуп саналат.
McAfee сертификаты менен корголгон, Tickets.kg сайтынын ар бир барагы, пайдалануучу үчүн толук коопсуз болуп саналат. McAfee® SiteAdvisor® программалык камсыздоосу мүмкүн болуучу кемчиликтерди же зыяндуу курамды издөөдө сайтты үзгүлтүксүз сканирлеп турат.
3. SSL 128 бит Thawte сертификаты
SSL 128 бит Thawte сертификаты — маалыматтарды криптографиялык шифрлөө технологиясы.
Сиздин картанын номери жөнүндө купуя маалымат, CVV2 код жана анын башка реквизиттери биздин сайтка шифрленген түрдө берилет. Маалымат алмашуу үчүн туруктуу криптографияны (ачкычтын узундугу 128 бит) пайдалануу менен SSL-шифрлөөнүн өнөр жайлык стандарты колдонулат. Андан ары шифрленген түрдө ал төлөм шлюзу аркылуу банктык процессинг борборуна берилет.
Мындай стандарт боюнча иштөө менен,
Tickets.kg сайты транзакциялардын өтүшүнө “адам факторунун” таасирин толук жокко чыгарат. Сиздин купуя маалымат биздин персонал үчүн, ал гана эмес администратор укуктарына ээ болгондор үчүн дагы жеткиликтүү эмес.
Эгер башка ресурстарда сиз төлөмдөрдү коргоонун жогоруда сүрөттөлгөн стандарттарын көрбөсөңүз – төлөмдү жүргүзүүдөн баш тартуу коопсуз болот. Сиздин коопсуздугуңузга жана өзүнүн беделине кам көргөн ишенимдүү сайттарды тандаңыз!
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз