Авиакомпания бир тараптуу тартипте рейстерди токтотуп же жүгүртмөгө өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Биз жүргүнчүгө бул тууралуу электрондук почта аркылуу кабарлайбыз. Бардык керектүү маалыматка ээ болуу же сиздин брондоодогу бардык өзгөрүүлөр жөнүндө тез билүү үчүн, SMS-кабарлоо кызматын тапшырык кылыңыз!
Tickets.kg сайтында сиз SMS-кабарлоону тандай аласыз:
- Рейсти токтоткон учурда.
- Рейсти токтоткон же жылдырган учурда – сиз өзгөрүүлөр фактысы жөнүндө SMS-билдирүү аласыз. Учуу жөнүндө кеңири маалымат сиздин email дарекке жөнөтүлөт.
- Учуу каттамын кеңири сүрөттөө - «Мобилдик каттам» опциясы. Сиз төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн билдирүүнү аласыз: брондоо номери, билеттин номери, авиакомпаниянын локатору, учуп чыгуу/учуп келүү датасы жана убактысы, аэропорту, терминалы (дайыма эле жеткиликтүү эмес, авиакомпаниядан көз каранды болот).
Кызматты учуп чыгууга чейин 48 саат мурун тапшырык кылганда, сизге 2 SMS-билдирүү жөнөтүлөт: бирөө билетке төлөп жана алгандан кийин дароо жана экинчиси учуп чыгууга чейин 24 саат мурун.
- Сиздин тапшырык жөнүндө маалымат (брондоо номери, билеттин номери, авиакомпаниянын локатору) — «SMS-билет» опциясы.
- Көрсөтүлгөн телефон номерине учактын жерге конгону жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
SMS-кабарлоонун баасы кызмат көрсөтүүнү тандоо бетинде көрсөтүлөт.
Сураныч, төмөндөгүлөргө көңүл буруңуз:
- SMS-кабарлоо кызматы билетти сатып алууда гана жеткиликтүү;
- биз авиакомпаниянын иш-аракетине таасир эте албайбыз, анткени авиакомпаниянын жана жүргүнчүнүн ортосундагы ортомчу гана болуп саналабыз;
- эгер авиакомпания рейсти токтотпосо/жылдырбаса, б.а. эч кандай өзгөртүүлөрдү жасабаса жана ага ылайык SMS-кабарлоо жөнөтүлбөсө, кызмат көрсөтүүнүн баасы кайра кайтарылбайт;
- билеттерди кайра кайтарып берүү учурунда (каалаган себептен улам) кызмат көрсөтүү үчүн акча каражаттары кайтарылбайт;
- SMS-билдирүү сиз билетти алууда email дарекке алган каттам-дүмүрчөгүн алмаштырбайт, биз жүргүнчүлөргө аны басып чыгарууну жана учуунун аягына чейин сактоону сунуштайбыз.
SMS-билдирүүдө көрсөтүлгөн маалымат маалыматтык мүнөзгө ээ. Сиздин электрондук почтага жөнөтүлө турган билдирүүлөрдү текшерип турууну сунуштайбыз.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз