Электрондук билет же e-ticket — бул жүргүнчүнүн жана авиакомпаниянын ортосундагы аба аркылуу ташуулар келишимин күбөлөндүргөн электрондук документ. Маңызы боюнча, бул кадимки кагаз билеттин электрондук формасы.
Аэропортто катталуу жана отуруу үчүн жүргүнчүнүн жанында өздүк күлөлүгүнүн (паспорт) болушу жетиштүү. Электрондук билет авиакомпаниянын маалыматтар базасында сакталуу болот.
Биз өзүбүздүн жүргүнчүлөргө саякаттоо убагында басылып чыгарылган электрондук биилеттин номери бар
каттам-дүмүрчөктү (Itinerary Receipt — ITR) жанына ала жүрүүнү сунуштайбыз, аны сиз билетке төлөп жана алгандан кийин өзүңүздүн электрондук почта аркылуу аласыз. Каттам-дүмүрчөк — сиздин электрондук билет сатып алууңуздун тастыктамасы. Ал аэропортто рейске катталуу убагында, чек ара, бажы жана контролдун башка түрүнөн өтүүдө талап кылынат. Каттам-дүмүрчөк учуу, конуу же которулуп түшүү убактысын унутпоого жардам берет.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз