Билеттерди брондоо маалында сизге Tickets.kg сайтынан же авикомпанияга тике түрдө төлөөнү тандоо опциясы сунушталат. Бул сунуш бардык эле рейстерге жеткиликтүү эмес жана авиакомпаниядан көз каранды болот.
Сайтка жана авиакомпанияга төлөөнүн ортосундагы негизги айырмачылыктар акча каражаттарын алып салуу мөөнөттөрүндө, ошондой эле сиздин заказ жокко чыгарылган учурда каражаттарды кайтаруу мөөнөттөрүндө камтылып турат.
Алсак, Tickets.kgга төлөө учурунда сиз, каражаттарды алып салуу валютасын тандоо менен үнөмдөй аласыз (банк картасына жараша), мында сумма сиздин картадан сатып алуу күнү алынат.
Авиакомпанияга төлөө учурунда алып салуу валютасы сайттагы билдирилгенге шайкеш келбеши мүмкүн, ал эми каражаттар картадан 30 күн мөөнөтүнө чейин алынып салынышат, ошондуктан билеттердин акыркы баасы валюталар курсундагы айырмачылыктардан улам жогору болуп калышы мүмкүн.
Эгерде сиз заказдан айнып калууну чечсеңиз, каражаттарды кайтаруу мөөнөтү Tickets.kgда төлөө учурунда сиздин билдирмени иштеп чыгуу учурунан тартып 10 жумуш күнүн, ал эми авиакомпанияга төлөө тандалган учурда – 60 күнгө чейинкини түзөт.
Tickets.kg жана авиакомпанияга төлөөнүн ортосундагы айырмачылыктарды деталдаштырып сүрөттөө менен «Айырмасы эмнеде?» баскычын басып, заказга төлөө бетинен таанышууга болот.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз