Антифрод (англ. «fraud» — алдамчылык) — бул онлайн-төлөмдөр жана аралыктан банктык тейлөө убагында алдамчылыкты таанып билүү тутуму.
Алдамчылык менен күрөшүү саясатына ылайык
Tickets.kg кабыл алынган акча каражаттарынын кыймылын контролдоого жана финансылык махинациялардын алдын алууга умтулат. Бирок биз төлөм тутумдарынын чечимдерине таасирибизди тийгизе албайбыз жана сиздин транзакция шектүү катары бааланышы мүмкүн.
Транзакция антифрод-чыпкалар тарабынан шектүү катары бааланышы мүмкүн болгон негизги себептер:
- Онлайн-төлөм төлөөчүнүн банк картасы чыгарылган өлкөдөн сырткары жүрөт.
- Карта антифрод-тутумдардын “кара тизмесинде” турат.
- 6. Карта жыл сайын банк карталары менен байланыштуу кылмыштар максималдуу санда катталган өлкөдө чыгарылган. Эреже болгондой, бул айрым Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрү.
Мындан тышкары, карта башка бир катар себептерден улам төлөөгө кабыл алынбашы мүмкүн. Бул тууралуу кененирээк төмөнкү макалада берилген:
Эмне үчүн банк картасы төлөөгө кабыл алынбашы мүмкүн..
Антифрод-тутумдар шектүү учурларга кантип реакция кылат:
- дайындарды киргизгенден кийин карта автоматтык түрдө бөгөттөлөт;
- төлөм тутуму себептерин түшүндүрүсүз төлөө аракетин бөгөттөйт;
- төлөм тутуму төлөөчүгө ал төлөөдө көрсөтүлгөн картанын ээси болуп саналаарын документтер менен астыктоо өтүнүчү менен email жөнөнөт;
- төлөм тутуму төлөөчүгө ал чынында банк картасынын ээси болуп саналаарына ынануу үчүн, татаал эмес онлайн-текшерүүдөн өтүүнү сунуштайт.
Картага ээлик кылууну документтер менен тастыктоо
Эгер сиздин картанын маалыматтары антифрод-тутумда шектенүүнү жаратса, сиз бул чынында сиздин карта экенин документтер аркылуу тастыктоо өтүнүчү менен email аласыз:
Урматтуу Кардар!
Билетти ийгиликтүү сатып алуу үчүн, сураныч, банк картасын пайдалануунун укук ченемдүүлүгүн тастыктаңыз.
Бул үчүн тастыктоочу документтерди email почтасына: [email protected] бронь колдонулган мезгил ичинде жөнөтүңүз.
Ийгиликтүү төлөөнү тастыктоо үчүн керектүү документтер:
- картанын ээсинин паспортунун биринчи бетинин көчүрмөсү;
- төлөө жүргүзүлгөн пластика картанын алдыңкы тарабынан көчүрмөсү.
Сиз даана көрүнүшү керек болгон акыркы 4 цифрадан тышкары, картанын номеринин цифраларын жашыра аласыз.
Техникалык адистер андан ары тариздөө жана билеттин көчүрмөсүн берүү үчүн маалыматты талдоого алышат.
Бардык жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар карагандан кийин токтоосуз жок кылынат.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.
Төлөм тутумунун
оң чечими чыгарылган учурда сатып алууга карата сиздин транзакция ийгиликтүү аяктайт жана сиз электрондук билеттин номери менен каттамдык дүмүрчөктү email аркылуу аласыз.
Эгер төлөм тутуму далилдерди четке какса же сиз бронь колдонулган мезгил ичинде
тастыктоочу документтерди жөнөтпөсөңүз, сиз email аркылуу кабарлама аласыз, ал эми сиздин бронь жокко чыгарылат жана билеттер эркин сатууга кайтарылат. Бул учурда биз брондоону кайра түзүүнү жана аны башка жеткиликтүү ыкмалар менен төлөөнү же башка банк картасын пайдаланууну сунуштайбыз.
Картага ээлик кылууну онлайн-текшерүү
Айрым учурларда тапшырыкка төлөө аракетинен кийин, сиз төмөнкүдөй билдирүүнү көрө аласыз:
Көңүл буруңуз! Сиздин карта антифрод-тутумдан өткөн жок.
Сиздин чынында эле банк картасынын ээси болуп саналаарыңызга биз ынанышыбыз керек.
Сизге картага ээлик кылууну тастыктоонун 2 ыкмасы сунушталат. Бир ыкманы гана аткаруу керек.
1-ыкма
Коопсуздук максатында биз сиздин картада 0,7–1,2 USD эквивалентиндеги диапазондо капилет сумманы бөгөттөйбүз.
Тизмеден капилет сумма бөгөттөлө турган валютаны тандаңыз жана «Бөгөттөө» баскычын басыңыз.
Сиздин картада канча капилет сумма бөгөттөлгөнүн аныктаңыз.
Бөгөттөлгөн сумманын өлчөмүн сиз биле аласыз:
- Интернет-банкингде – тиешелүү транзакциялар боюнча көчүрмөдөн.
- Эгер сиздин картада жүргүзүлгөн транзакциялар жөнүндө SMS-маалымдоо функциясы активдүү болсо, банктан алынган SMS маалыматтан.
- Банктын техникалык колдоосунан (телефону картанын арткы тарабында көрсөтүлгөн).
Бөгөттөлгөн сумманы тиешелүү талаага киргизиңиз жана «Тастыктоо» баскычын басыңыз.
Эгер сиз көрсөткөн сумма бөгөттөлгөн сумма менен дал келсе, карта верификациялоо ийгиликтүү өтөт – тапшырыкка төлөө кабыл алынат, болбосо – төлөм кабыл алынбайт, бронь жокко чыгарылат. Бөгөттөлгөн сумма бөгөттөн чыгарылат.
2-ыкма
Авторлоштуруу кодун тиешелүү талаага киргизиңиз.
«Тастыктоо» баскычын басыңыз.
Эгер код туура киргизилсе – авиабилетке төлөө ийгиликтүү өтөт, болбосо – бронь жокко чыгарылат.
Авторлоштуру кодун билүүгө болот:
- Интернет-банкингде – тиешелүү транзакциялар боюнча көчүрмөдөн.
- Банктын техникалык колдоосунан (телефону картанын арткы тарабында көрсөтүлгөн).
Картага ээлик кылууну тастыктоо жөнүндө сурам алынганда эмне кылуу керек?
Эгер сиздин төлөм шектүү катары идентификацияланса, тынчсыздануунун кереги жок. Айрым банк-эквайерлер 60% учурларда картага ээлик кылуу жөнүндө тастыктаманы сурашат.
Тастыктоо жөнүндө өтүнүчтү алганда татаал эмес иш-аракеттерди аткарыңыз жана төлөнгөн тапшырыкты алыңыз.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз