Көп берилген суроолор (FAQ)

Көп берилген суроолор (FAQ) / Багажды ташуу / Кол жүгү

Кол жүгү

Кол жүгү (катталбаган багаж) — жүргүнчү өзү менен кошо учакка ала турган буюмдар.

Кол жүгүнө алууга уруксат берилбейт:
  • ок атуучу куралдар;
  • тутануучу, уулуу, жегич, радиоактивдүү заттар
  • бардык учтуу, кесүүчү, саюучу предметтер (анын ичинде маникюр куралдары, сувенирлер, маки ж.б.).
Кол жүгүндө суюктуктарды ташуунун өзгөчө эрежелери колдонулат – учуу алдында сөзсүз алар менен таанышыңыз.

Көпчүлүк авиакомпаниялар кол жүгүнүн бирдиги менен бирге төмөнкүлөрдү акысыз ташууга уруксат берет:
  • жууркан же пальто;
  • ноутбук же планшет салынган баштык;
  • фотоаппарат;
  • аялдар сумкасы;
  • кол чатыр-ичке таяк;
  • учакта окуу үчүн гезиттер жана журналдар;
  • duty free алынган товарлары бар баштык.
Учуу алдында сиздин ташуучу авиакомпаниянын сайтында кол жүгүнүн максималдуу салмагын жана габариттерин тактоону сунуштайбыз.