Сиздин карта бир катар себептерден улам төлөөгө кабыл алынбашы мүмкүн. Алардын арасында:
- картанын дайындарын киргизүүдөгү ката - киргизилген картанын реквизиттеринин тууралыгын текшериңиз жана төлөө аракетин кайталаңыз;
- картада акча каражаттарынын өлчөмү жетишсиз – картаны толуктаңыз же башкасын пайдаланыңыз;
- сиз Tickets.kg. сайтында кабыл алынбай турган карта менен тапшырыкка төлөдүңүз. Төлөөгө Visa жана MasterCard (анын ичинде Visa Electron жана Maestro) төлөм тутумдарынын карталары гана кабыл алынат. Эгер сиздин карта башка тутумдарга тиешелүү болсо, тилекке каршы, сиз аны менен тапшырыкка төлөй албайсыз. Сураныч, төлөөнүн башка жеткиликтүү ыкмасын тандаңыз же тапшырыкка башка карта менен төлөңүз;
- карта Интернеттеги төлөмдөр үчүн жабык - онлайн-төлөмдөр функцияларын ачуу үчүн сиздин банктын колдоо кызматына кайрылыңыз;
- картада интернетте карта менен эсептешүүгө суткалык же бир жолку лимит орнотулган – картанын лимитин жогорулатуу үчүн сиздин банктын колдоо кызматына кайрылыңыз;
- картанын колдонуу мөөнөтү аяктаган – кайра тариздөө үчүн сиздин банктын колдоо кызматына кайрылыңыз;
- сиздин кредиттик картада өлчөмү банк эрежелери менен белгилене турган, “алынбай туруучу” сумма калышы керек – картанын балансын толуктаңыз, төлөөгө аракетти кайталаңыз;
- интернет-кошууларынын ишиндеги бузуктар, банктын процессинг борбору менен байланышты жоготуу;
- сиз интернет-браузерлердин эскирген версияларын пайдаланасыз (Internet Explorer 8-версиядан төмөн, Opera 10-версиядан төмөн) — браузерди алмаштырыңыз, кэшти жана жаңы браузердеги cookies файлдарды тазалаңыз, сайтта авторлоштурууңуз жана төлөө аракетин кайталаңыз;
- эгер сиз Интернетке мобилдик кирүү мүмкүндүгүн пайдалансаңыз, төлөөдөгү кыйынчылыктар динамикалуу IP-дарек менен пайда болушу мүмкүн, аны өзүңүздүн тармактык түзүлүштүн тескөөлөрүндө статикалыкка алмаштырыңыз жана төлөө аракетин кайталаңыз;
- сиздин картаны пайдалануу менен транзакция шектүү катары бааланды. Бул тууралуу кененирээк — бул шилтеме боюнча.
Эгер авторлоштуруудагы баш тартуунун себептерин аныктоо мүмкүн болбосо, тапшырыкка башка карта менен төлөөгө аракет кылып көрүңүз же авторлоштуруудан кийин «МЕНИН БИЛЕТИМ» бөлүмүндө төлөөнүн башка жеткиликтүү ыкмасын тандаңыз
Сиз билетке брондоо учурунан тартып 12 саат ичинде төлөй ала турганыңызга
көңүл буруңуз. Бул убакыт аяктаганда төлөнбөгөн тапшырык жокко чыгарылат жана билеттер эркин сатууда кайтарылат. Бул учурда сиз билеттерди кайра брондор жана төлөй аласыз.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз