Көп берилген суроолор (FAQ)

Көп берилген суроолор (FAQ) / Электрондук билет / Билет сегменттик түрдө алынса эмнелерди билүү керек?

Билет сегменттик түрдө алынса эмнелерди билүү керек?

«Барыш жана кайта келиш» учуусун тапшырык кылууда сизге билеттерди сегменттик алуу варианты сунушталышы мүмкүн. Бул тапшырык бирдиктүү электрондук билет менен эмес,  өзүнчө электрондук билет менен таризделе турганын түшүндүрөт. Ага ылайык, сиздин электрондук почтага ар бир жүргүнчү үчүн эки электрондук билет жөнүндө маалыматтар менен эки каттам-дүмүрчөк бар кат жөнөтүлөт, мында билеттердин ар бири ар кайсы авиакомпанияга таандык болушу мүмкүн. Буга байланыштуу ташуу, кайра кайтаруу ж.б. шарттары олуттуу айырмаланат.

Сегменттик алуунун өзгөчөлүгүн сиз оферта келишиминен биле аласыз.

Сиздин билет кандай жол менен бериле турган сиз тарифтердин эрежелеринен биле аласыз. Алар менен брондоо убагында таанышууга болот.

Сураныч, сизде учуунун ар бир сегментине өзүнчө брондоо же авиаучуулардын башка шарттарын тандоо мүмкүнүчүлүгү бар экенине көңүл буруңуз.