Көп берилген суроолор (FAQ)

Көп берилген суроолор (FAQ) / Кошумча кызматтар / Оору/өлүм учурунда кайтаруу кепилдиги

Оору/өлүм учурунда кайтаруу кепилдиги

 Авиабилетти сатып алуу менен, пландар өзгөрбөйт деп эч ким ишенимдүү боло албайт. Ден соолукка байланыштуу күтүүсүз жагдайлардан улам сапарды токтотуу өзгөчө жагымсыз:
  •  жүргүнчүнүн капилет ооруп калуусу */өлүмү;
  •  жүргүнчү менен бирге саякаттоочу, үй-бүлө мүчөсүнүн капилет ооруп калышы/өлүмү**;
  •  жүргүнчүнүн үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмү.
Билеттин толук баасын кайтаруу*** жана кайтаруу үчүн тейлөө жыйымын төлөбөө үчүн, «Оору/өлүм учурунда кайтаруу кепилдиги» кызмат көрсөтүүсүн пайдаланыңыз.

Кызмат көрсөтүү Tickets.kg сайтында буйрутманы брондоо убагында таризделет жана төлөнөт. «Оору/өлүм учурунда кайтаруу кепилдиги» буйрутмада көрсөтүлгөн бардык жүргүнчүлөргө жайылтылат. 

Эгер буйрутмада көрсөтүлгөн жүргүнчү, же аны менен саякаттоочу, анын үй-бүлө мүчөсү оорунун/өлүмдүн кесепетинде уча албаса, ошондой эле жүргүнчүнүн үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмү учурунда билеттин баасы кайтарылат. Кызмат көрсөтүүнү пайдалануу үчүн, жүргүнчү оору/өлүм фактысын тастыктаган медициналык документти бериши керек. медициналык документке карата талаптарды төмөндө окуңуз.
 
Кызмат көрсөтүүнү кантип пайдалануу керек?
  1.  Тиешелүү себепти (жүргүнчүнүн ооруп калышы/өлүмү, үй-бүлө мүчөсүнүн ооруп калышы/өлүмү) тандап, кайтарууга арызды тариздеңиз. Арызга сөзсүз түрдө учууга мүмкүн эместигин тастыктаган, медициналык документтин скан-көчүрмөсүн тиркөө керек. Кененирээк окуу: Кайтарууга суроо-талапты тариздөө тартиби.
  2. Эгер жүргүнчү билетти жүргүнчүнүн үй-бүлө мүчөсүнүн ооруп калышы/өлүмүнөн улам кайтарса, үй-бүлөлүк мамилелер фактысын тастыктаган документтерди берүү керек.
  3. Кайтарууга арызды учууга чейин 4 сааттан кечиктирбей берүү керек.  
Эгер сатып алуучу же жүргүнчү өз алдынча кайтарууну аткара албаса:
  • Жүргүнчү ооруп калган учурда — тууганынын акча каражаттарын алууга укугун тастыктаган документтин скан-көчүрмөсүн тиркөө керек.
  • Жүргүнчү өлгөн учурда — өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн жана тууганынын акча каражаттарын алууга укугун тастыктаган документтин скан-көчүрмөсүн тиркөө керек.
  • Эгер жүргүнчүдө сатып алуучунун «Менин билетим» жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгү болбосо, кайтарууга суроо-талапты жана керектүү документтерди төмөнкү дарекке электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө болот: [email protected].
Кызмат көрсөтүүнүн колдонуу мөөнөтү жана башка шарттар:  
  • Кызмат көрсөтүү төлөө учурунан тартып күчүнө кирет.  
  • Арызды кароо мөөнөтү авиакомпаниядан көз каранды. 
  • Сатып алуучуга акча каражаттарын төлөп берүү Tickets.kg кайтаруунун жалпы эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Сайтта каралган шарттарды аткарган учурда, сизге билеттин толук баасы, анын ичинде Tickets.kg тейлөө жыйымы (эгер ал сатып алууда буйрутманын баасына кирсе) кайтарылат. Билетти кайтаруу үчүн Tickets.kg сайтынын тейлөө жыйымы алынбайт.

* «Оору/өлүм учурунда билетти кайтаруу кепилдиги» жүргүнчү же аны менен саякаттоочу үй-бүлө мүчөсү ооруган, аларда медициналык документ менен тастыкталган, учууга медициналык каршы көрсөтмөлөр болгон учурга жайылтылат.

** Жеке жактын үй-бүлө мүчөлөрү анын ата-энеси жана аялынын же күйөөсүнүн ата-энеси, аялы же күйөөсү, жеке жактын дагы, анын аялынын же күйөөсүнүн дагы балдары, анын ичинде алар асырап алган балдар, камкорчулар чоң эне, чоң ата, бир тууган ини-агалары, эже-карындаштары, неберелери жана мыйзамга ылайык таанылган, башка багуусундагы адамдар болуп саналат. 

***Көңүл буруңуз!
  • Банк комиссиялары жана төлөм системаларынын кошмо баасы кайтарылбайт. 
  • Кайтаруу суммасы кайтарууга арыз түзүлгөн күндөгү курс боюнча эсептелет. 
Маанилүү! Медициналык документтерге карата талаптарга көңүл буруңуз!

Медициналык документтерге карата талаптар: 
  1. Медициналык документ учууга чейин берилиши керек. 
  2. Медициналык документте бул документте берген, мекеменин так жана окулгандай аталышынын болушу.  
  3. Бул мекеменин реквизиттеринин болушу. 
  4. Медициналык документти берген мекеменин мөөрүнүн болушу.
  5. Документти берген адамдын так окулгандай кызматы жана фамилиясы.  
  6. Эгерде тастыктоочу документтер Кыргызстандын аймагынан тышкары мекеме тарабынан берилген болсо, медициналык документтерге нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн англис тилине котормосу тиркелиши керек.
  7. Медициналык документте так көрсөтүлүшү керек:
  • текшерүү күнү;
  • текшерүүнүн жыйынтыктары;
  • диагноз;
  • оору курч формада пайда болгону/олуттуу жаракат алганы жана бул сапарга чыгууга тоскоолдук кылганы жөнүндө маалымат.  
Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүлбөйт: 
  • эгер билет медициналыктан тышкары, башка себептен улам кайтарылса. Мындай учурда кайтаруу суммасы төлөнгөн кызмат көрсөтүүнүн бар экенинен көз карандысыз ташуучунун тариф эрежелери боюнча эсептелет;
  • сайтта каралган кызмат көрсөтүү шарттарын аткарбагандык; 
  • оору жөнүндө кызмат көрсөтүүнү сатып алуу убагында белгилүү болгон;  
  • өнөкөт же жугуштуу оорулар, ошондой эле симптомдору сапарды брондоо күнүнө чейин алты ай ичинде байкалган психикалык бузулуулар. Эгер билетти кайтаруу мындай симптомдор менен шартталса, дарыгер адистин диагнозду тастыктоосу зарыл;
  • авиафобия симптомдорунун көрүнүштөрү (авиаучуулардан коркуу);
  • ичимдик ичүүнүн, башка мас кылуучу заттарды, уктатуучу же баңги каражаттарын колдонуунун натыйжасындагы оордошуулар;
  • кайтарууга арызды учууга чейин 4 саатка жетпеген убакыт калганда берүү; 
  • өз алдынча дарыланууга же косметикалык хирургияга байланыштуу оордошуулар.