Авторлоштуруу каталарынын себептери:
1. Туура эмес email киргизилген.Электрондук почтанын дареги туура жазылганын текшериңиз. Эгер сайтта катталгандан кийин сиз Tickets.kg сайтынан бир дагы кат албасаңыз, балким, сиз электрондук почта дарегинде туура эмес дайындарды көрсөткөнсүз (мисалы,
[email protected] ордуна
[email protected] домени). Мындай учурда, сураныч, сайттын Колдоо кызматына кайрылыңы
2. Туура эмес пароль киргизилди.
Паролдун туура жазылганын текшериңиз. Тутум паролдун алдындагы же кийинки боштукту өзүнчө символ катары кабыл алаарын эстен чыгарбаңыз.
Тура эмес паролду 5 ирет киргизгенден кийин аккаунт бөгөттөлөт. 120 мүнөт өткөндөн кийин тутум автоматтык түрдө аны бөгөттөн чыгарат жана сиз кирүү аракетин кайталай аласыз.
Эгер сиз өзүңүздүн паролду эстей албасаңыз, калыбына келтирүү функциясын пайдаланыңыз: «Паролду унуттуңузбу?» дегенди басыңыз жана авторлоштуруу терезесине сиздин email көрсөтүңүз. 15 мүнөттөн кийин көрсөтүлгөн дарекке эки кат жөнөтүлөт: сурамды тастыктоо үчүн шилтеме менен жана жаңы пароль менен.
3. Клавиатуранын туура эмес опцийлери тандалды.Клавиатуранын жайгашуу тилин жана Caps Lock режими күйгүзүлбөгөнүн текшериңиз.
4. Сатып алуу башка сайтта жүргүзүлгөн.Балким, сиз Tickets.kg сайтында эмес, ушуга окшош сайтта тапшырык кылгансыз. Дал ушул себептен улам биздин тутумда сиздин маалыматтар жок болууда.
5. Сиздин браузердин версиясы эскирген.Эгер сиздин браузер: Internet Explorer 8 жана андан төмөн, же Opera 10 жана андан төмөн болсо, башка, кыйлажаңы Браузерде авторлоштурууга аракет кылыңыз же өзүнүздүн программалык камсыздоону жаңылаңыз.
6. Сиз колдонмого сиздин электрондук почтаңызды пайдаланууга тыюу салдыңыз.
Социалдык тармактагы жеке кабинетиңиздеги колдонмонун жашыруун тескемесин өзгөртүп, кайтадан авторлошуңуз.
Ийгиликтүү авторлоштуруудан кийин
«Менин билетим» бөлүмүндө жеткиликтүү болгон паролду өзгөртүү функцияларын пайдаланууну кеңеш кылабыз. «Эсепке алуу жазуусун тескөө» графасында сиз паролду келечекте пайдалануу үчүн ыңгайлуу кылып өзгөртө аласыз.
Сайтта кантип катталып жана авторлоштуруу керектиги жөнүндө окуңуз.
Эгер жогоруда көрсөтүлгөн ыкмалар сайтта авторлоштурууга жардам бербесе же сиз авторлоштуруу катасы башка себептен улам болуп жатат деп ишенсеңиз – сураныч, Колдоо кызматына кайрылыңыз.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз