Кайтарууга сурамды кантин тариздөө керек:
- «Менин билетим» — «Авиабилеттер» — «Бронь №» — «Тапшырыкты редакциялоо » — «Билетти кайтарып берүү» бөлүмүнө кириңиз.
- Арыздын талааларын толтуруңуз.
- Керектүү документтерди жүктөңүз.
- «СУРАМДЫ ЖӨНӨТҮҮНҮ» басыңыз.
Билет сиз жана авиакомпания менен кайра кайтаруунун шарттарын макулдашкандан кийин, ошондой эле тейлөө жыйымын (эгер ал кайра кайтарууда каралса) төлөөдөн кийин гана жокко чыгарылат.
Каттоодо көрсөтүлгөн email дарегине кайра кайтаруу шарттары менен кат жөнөтүлөт. Эгер каражаттарды кайра кайтаруу тейлөө жыйымын төлөөдөн кийин гана мүмкүн болсо, аны катта көрсөтүлгөн убакыт аралыгында төлөңүз. Төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин кайра кайтарууга жаңы суроо-талапты түзүү керек.
Маанилүү! Эгер авиакомпания рейске келбей коюуну каттаса, каражатты кайтаруу өтүнүчүңүз сизде тиешелүү документтер бар болсо дагы четке кагылышы мүмкүн. Ушул себептен улам, өтүнүчүңүздү мүмкүн болушунча тезирээк берүүңүздү суранабыз.Эгер азыркы учурда сизде документтерди берүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, сураныч, жүгүртмөдө көрсөтүлгөн учуу убактысына чейин кайра кайтарууга сурамды түзүңүз. Сурамды түзүүдө «Учууну пайдаланбайм. Орундарды алып салууну жана каражаттарды кайтарып берүүнү суранам» талаасын белгилеңиз. Сурамга карата комментарийлерде документтерди кечирээк бере турганыңызды көрсөтүңүз.
Билетти кайра кайтарып берүү үчүн сизге кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн:
- рейс токтотулганда же 3 сааттан ашык кечиккенде – кайра кайтарып берүүгө арыз менен бирге рейсти кармоонун/токтотуунун расмий тастыктамасы жөнөтүлөт, аны аэропорттон авиакомпаниянын өкүлдөрүнөн алууга болот;
- жүргүнчүгө виза берүүдөн баш тартылганда – кайра кайтарып берүүгө арыз менен бирге жөнөтүлөт: элчиликтин/консулдуктун расмий бланкасында баш тартууну тастыктоо; паспорттун биринчи бетинин көчүрмөлөрү; баш тартуу штампы менен паспорттун бетинин көчүрмөлөрү. Виза берүүдөн баш тартууга байланыштуу толук кайра кайтарып берүүгө сурамды каттамдын биринчи сегменти боюнча учууга чейин 72 сааттан кеч эмес жөнөтүүгө болот;
- жүргүнчү же жүргүнчү менен бирге учушу керек болгон тууганы ооруган/өлгөн учурларда – арыз менен бирге ооруну/өлүмдү тастыктаган, тиешелүү тастыктоочу документтер жана ооруган/өлгөн тууганы менен туугандыгын тастыктоочу документ жөнөтүлөт: каттамдын биринчи сегменти боюнча учууга чейин 72 сааттан кеч эмес;
- жүргүнчү рейске кечиккен же келбеген учурда (эгер рейсти ордунан жөнөтүү учурунда жүргүнчүнүн өтүнүчү боюнча авиакомпания же Tickets.kg агенти тарабынан алынбаса) – жүргүнчүнүн рейске кечигүү же келбей калуу фактысы жөнүндө сөзсүз билдирүү керек.
Авиакомпания менен макулдашуу керек болгон кайра кайтарып берүүнү кароо жана каражаттарды кайтарып берүү 3 айга чейин созулушу мүмкүн экенине көңүл буруу керек.
Билетти жокко чыгаруу Сиз кайра кайтаруунун шарттары менен макул болгондо жана тейлөө жыйымын (эгер ал кайра кайтарууда каралса) төлөгөндөн кийин гана жүргүзүлө турганына өзгөчө көңүл буруңуз.
Сатып алуу күнү кайтарууга карата суроо-талап түзгөн учурда сизге авиакомпаниянын айыппулдарысыз кайтарууга карата сумма эсептелинет. Каражаттарды кайтаруу сиз тараптан көрсөтүлгөн сумма тастыкталгандан кийин жана авиакомпаниянын чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде авиакомпания кайтарууну айыппул санкцияларысыз кайтаруу мүмкүндүгүн тастыктай турган болсо, сиз тариф эрежелерине ылайык суроо-талапты бере аласыз.
Кайтаруу кызматы үчүн сервистик алым жана төлөмгө үстөк кошуулар кайтарылышпайт.
Кайра кайтарууга сумма Жүргүнчү кайра кайтарууга өтүнмөнү берген күнгө карата курс боюнча эсептелет.Жүргүнчүнүн ооруга байланыштуу ташуудан аргасыз баш тартуусун тастыктоочу документтер:- медициналык мекемеден маалым каттын түп нускасы;
- аэропорттун медпунктунан маалым каттын түп нускасы;
- бейтап баракчасынын көчүрмөсү.
Жүргүнчүнүн ташуудан аргасыз баш тартуусу үчүн негиз болуп саналган медициналык документтерге карата талаптар
Медициналык мекемеден маалым каттын түп нускасына талаптар:
- Медициналык документте документти берген мекеменин даана жана окулгандай жазылган аталышы.
- Медициналык документти берген мекеменин мөөрү.
- Документти берген адамдын даана жазылган кызматы жана фамилиясы.
- Документти берген адамдын колу жана моору.
- Мекеменин башкы дарыгеринин же болум башчысынын колу жана моору.
- Медициналык документти берүү датасы.
- Медициналык документте көрсөтүлгөн оорунун датасынын, ташуу даталарына дал келиши. Маалым катта «көрсөтүлгөн датада учуу сунушталбайт» деп көрсөтүлүшү керек..
Аэропорттун медпункттунан маалым каттын түп нускасына талаптар:
- Медициналык документте документти берген медпункттун аталышы.
- Медпункттун мөөрү.
- Документти берген адамдын даана окулган кызматы жана фамилиясы.
- Документти берген адамдын колу жана моору.
- Медициналык документти берүү датасы.
- Медициналык документте көрсөтүлгөн оорунун датасынын, ташуу даталарына дал келиши.
Аргасыз баш тартууну тастыктоо үчүн бейтап баракчасынын көчүрмөсү аэропортто авиакомпаниянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүп жана нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек.
Көңүл буруңуз! Көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн арызга тиркеңиз. Авиакомпаниялар тастыктоочу документтерди арызды кароого кабыл албайт.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жүргүнчү
Tickets.kg компаниясына кайрылганда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары берилген медициналык документке нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кыргыз тилиндеги котормосу тиркелиши керек.
Жүргүнчү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары
Tickets.kg компаниясына кайрылганда, берилген медициналык документке бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтин англис же кыргыз тилине котормосу тиркелиши керек.
Кайра кайтарууга өтүнмөнү кароо үчүн керектүү болгон документтерге карата талаптар ташуучу тарабынан коюлуп, ал эми агенттик ташуучунун жана жүргүнчүнүн ортосунда ортомчунун ролунда гана болооруна көңүл буруңуз. Ошондуктан ташуучудан алына турган бардык өтүнмөлөр сизге Колдоо кызматы аркылуу маалымдалат.
Билеттерди кайра кайтаруу үчүн жүргүнчү тарабынан берилген туура эмес же жасалма документтерди берүүнүн аныкталган фактылары жөнүндө мыйзамга ылайык күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына билдирилиши мүмкүн.
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз