БИЗДИН ЭКСПЕРТ БОЛУҢУЗ!
Рейтингдин эрежелери
- Авиакомпаниялардын рейтингин түзүүгө Tickets.kg сайтынан авиабилет(тер) сатып алган жана учкан пайдалануучулар катыша алышат.
- Жүргүнчү каттамдагы акыркы сегмент боюнча учууну аяктагандан кийинки күнү авиакомпаниянын баалай алат.
- Жүргүнчү ал учуу менен кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган авиакомпанияны гана баалай алат. Эгер учууларды бир нече авиаташуучулар ырааттуу ишке ашырса, анда ар бир сегменттин авиакомпаниясын баалоо сунушталат.
- Добуш берүүнү каалаган жүргүнчү Tickets.kg сайтындагы өзүнүн брондоо номерин (тапшырыкты) көрсөтүүнү керек. Эгер бир брондоо номери боюнча бир нече адам учса, анда ташылган жүргүнчүлөрдүн санынан көз карандысыз, авиакомпанияны бир жолу гана баалоого болот.
- Эгер жүргүнчү бир авиакомпаниянын туруктуу кардары болуп саналса, ал бул авиакомпания менен канча жолу учса, ошончо жолу авиаташуучуну баалай алат. Мында тейлөөнү баалоо учуудан учууга карай айырмаланышы мүмкүн.
- Параметрлердин көпчүлүк бөлүгү баалоого милдеттүү болуп саналат, экинчи жарымын эгер Жүргүнчү керек деп эсептесе, баалоого болот. Жүргүнчү милдеттүү индиктаорлорду баалоону көз жаздымда калтыра албайт. Эгер баалоо үчүн милдеттүү болгон айрым категориялар өткөрүлүп жиберилсе, бул добуш берүүлөр сакталбайт жана кабыл алынбайт.
- Сураныч, бааны «көздү жумуп алып» койбоңуз. Ар бир мүнөздөмөнүн деңгээлин максималдуу так эстөөгө жана 5 баллдык шкала боюнча аныктоого аракет кылыңыз.
- Объективдүүлүк үчүн, жакшы же жаман бааларды гана берүү сунушталбайт.
- Рейтингге катышып жана жыйынтыктарды сактагандан кийин, добуш берген жүргүнчү баалоону түзөтүүгө кайта албайт.
- Авиакомпания жүргүнчүлөр 200дөн кем эмес параметрлерин баалагандан кийин рейтингде чагылдырылат.
- Рейстерге билеттерин Tickets.kg сайтында сатып алууга мүмкүн болгон каалаган авиакомпания жөнүндө маалыматты авиакомпанияны издөөнү тапшыруу менен көрүүгө болот. Издөө «Авиакомпанияны табуу» талаасында авиакомпаниянын аталышы боюнча же тиешелүү ИАТА коду боюнча жүргүзүлөт.
Эгер Сиз авиакомпанияны бааласаңыз, жыйынтыктарды сактап койсоңуз, бирок рейтингден авиакомпанияны көрө албасаңыз, демек, Сиздин авиакомпания жүргүнчүлөрдүн 1700 баасын ала элек. Бул ишке ашаары менен ТОП Рейтинг жаңы позиция менен толукталат.
Tickets.kg компаниясынан авиакомпаниялардын рейтинги — биздин жүргүнчүлөрдүн балоосунун негизинде түзүлгөн, көз карандысыз рейтинг. Дайындар жаңы баалоолордун пайда болушуна жараша, дароо жаңыланат.
Рейтингдин негизги максаты – рейстерге билеттери Tickets.kg сервисинде сатылган, авиакомпаниялардын ишинин максималдуу обьективдүү баасын алуу. Добуш берүүдө жүргүнчүлөр авиакомпания тарабынан камсыздалган жайлуулукту ак ниеттик менен жана объективдүү баалашат.
Рейтинг тейлөөнүн деңгээлинин бардык негизги чен белгилерин баалоону сунуштайт: рейске каттоонун ыңгайлуулугу, бортто көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты, учуу убагындагы, конуудагы/учуудагы, багажды тариздөөдөгү/алуудагы, балдар менен саякаттоодогу шарттар жана башка мүнөздөмөлөр. Биз жүргүнчүлөрдүн каалоолоруна абдан кылдат мамиле кылабыз жана суроо-талаптын жаңы индикаторлорунун пайда болушуна жараша параметрлерди модификациялайбыз.
Рейтингдин милдети — Tickets.kg сайтында билеттерди издөөдө авиакомпанияны тандоодо биздин кардарларга жардам берүү.
Купуялуулук саясаты
- Биз авиакомпаниянын ишмердигин баалоого байланыштуу маалыматтардын купуялуулугу үчүн жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчиликти түшүнөбүз.
- Биз баалоонун толук анонимдүүлүгүн кепилдейбиз. Добуш берүүнүн катышуучусу койгон упайлар анын электрондук дареги, IP-дареги, брондоо номери ж.б.у.с. идентификаторлор менен сайттын тутуму байланышпайт.
- Эгер Сизде рейтингдин эрежелери же катышуу шарттары жөнүндө суроолор болсо, төмөнкү дарек боюнча жазыңыз: [email protected]. Сураныч, каттын темасында «Авиакомпаниялардын рейтинги» деп көрсөтүңүз.
Менчик укугу
© Tickets.kg сайтындагы Авиакомпаниялардын рейтингинин бардык маалыматтары Tickets.kg компаниясына таандык. Рейтингде берилген маалыматтарды Tickets.kg менен макулдашуудан кийин гана пайдаланууга болот.
Укук ээси менен макулдашуусуз маалыматтарды толук же жарым-жартылай көчүрүүгө, Авиакомпаниялардын рейтингинин статистикалык маалыматтарын каалаган булактарда жарыялоого тыюу салынат!
Бул макала сизге пайдалуу болдубу?
Жооп бергениңиз үчүн рахмат
Эгер сиз өзүңүздүн суроого жоопту таба элек болсоңуз, сураныч, биздин Колдоо кызматыбызга кайрылыңыз